10.10.2018 12:30

Бишкектин чок ортосунда жолду бууган «Гелендваген» айдоочулары кармалды

Бишкектин чок ортосунда жолду бууган «Гелендваген» айдоочулары кармалды

8-октябрь күнү Бишкектеги Бакыт өргөөсүнүн жанында жол кыймылынын эрежесин бузуу менен жолду бууган «Мерседес-Гелендваген» жолтандабастарынын  айдоочулары кармалды. Дагы 4 унааны кармоо иштери уланууда. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында ЖМКлардын биринде  «11 «Гелендваген» жолтандабас Бишкектин борборундагы кыймылды уялбай жаап таштады» деген аталышта видео жарыяланган.

Тасмада жолтанбастардын айдоочулары жол эрежесин одоно бузушканы тартылган. Редакциянын бул айдоочуларга айып пул салып, тартипке чакыруу өтүнүчүнө интернет колдонуучулардын бири «Атагы чыккан Рустам Габбазовдун уулубу, же жээниби үйлөнүп жатат. Министр өзү депутаттар менен кошулуп, тойдо жүрөт да сыра ичип, бал жеп. Той болуп атса, кайдагы айып пулду айтасыз, окурман?», -деп жооп жазган.

«Жол эрежесин одоно бузган бул факт боюнча Бишкек шаардык ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн   кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, ошол эле күнү 7 унаанын айдоочулары кармалды. Жол кыймылынын эрежесин бузгандар «Автобейбаштык» беренеси менен административдик жоопкерчиликке тартылышты. Жолтандабастар айып короого киргизилди», -деп жооп кайтарды ЖКККББ өз кезегинде. 

Айдоочулардын бири: «Биз 8-октябрда тойдо буюртмада жүрдүк эле. Бакыт өргөөсүнө кечигип жаткан себептен, Советский-Иваницын көчөсүнөн бир аз жол эрежесин буздук. Мыйзам чегинде жазасын тартабыз. Кетирген кемчиликтер үчүн кечирим сурайбыз. Шашылыш болгон үчүн эле эреже бузууга бардык. Экинчи кайталанбайт», -деп билдирди. Ошондой эле, 7 жол тандабастын ээлери ар башка адамдар экенин кошумчалады.